Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Отунбаева ЕККУ өкүлдөрү менен Конституциянын долбоорун талкуулады


Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева 16-майда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) баш катчысы Марк Перрон де Бришамбо жана ЕККУнун Парламенттик ассоциациясынын президенти Жоао Соареш менен жолугушту. Анда Р. Отунбаева Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоору боюнча талкуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. ЕККУнун Парламенттик ассоциациясынын президенти Ж. Соареш Кыргызстандын парламентаризмди чыңдоо боюнча иш-аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. М. Бришамбо болсо убактылуу өкмөт өлкөдөгү жаңы саясий чакырыктарга тез арада жооп табарына үмүттөнөрүн айтты. Бул тууралуу убактылуу өкмөттүн маалыматы кызмат кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG