Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Коммунисттер партиясынын лидери И. Масалиев эки айга камалды


Бүгүн түнкү саат бирлерде Бишкектеги Биринчи май райондук соту Исхак Масалиевди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын мурунку депутаты Гүлжамал Султаналиева билдирди. Кечээ Биринчи май райондук сотунун жанына Коммунисттер партиясынын төрагасынын тарапкерлери тынч нааразылык акцияга чыгышкан. Алар И. Масалиевдин камалышын саясий буйрук деп сыпаттап, тезинен бошотулушун талап кылышууда. Коммунисттер партиясынын төрагасы Кыргызстандагы 12-13-майдагы окуяларга катыштыгы бар деген шек менен 14-майда Улуттук коопсуздук кызматтын абагына камака алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG