Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

Бүгүн Жалал-Абатта аза күтүү күнү


17-май Жалал-Абат облусунда аза күтүү күнү деп жарыяланганын кечээ губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов 14-майдагы окуяда ок жеп, мерт болгон Бердибек Курамаевдин сөөгүн жерге берүү учурунда кабарлады. Саламаттык сактоо министрлигинин оперативдүү штабынын маалыматы боюнча, 14-майда Жалал-Абаттагы утурумдук бийликти жактоочулар менен бакиевчилердин ортосундагы кагылышууда Жакшылык Козуев менен Бердибек Урамаев ок жеп, каза болду, 59 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жатты. (EBM)

XS
SM
MD
LG