Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Украинада Тимошенконун сурагы башка күнгө жылды


Украинанын акыйкаттык кызматкерлери билдиргендей, экс-премьер Юлия Тимошенкону 2004-жылдагы паракорлук боюнча суракка алууну кийинкиге калтырылды. Тимошенко тергөөчүлөр менен 17-майда жолукмак. Бирок бул иш орус президенти Дмитрий Медведевдин Украинага сапары менен бир мезгилге туура келип калган. «Украинска Правда» гезити жазгандай, тергөөчүлөрдүн бири «шашылыш расмий сапарга» чакырылган. Тергөөчүлөр менен жолугушуу эми качан болоору белгисиз. Украин прокурорлору Тимошенко Жогорку Соттун өкүлдөрүнө пара берген деген айыптоону иликтеп жатышат

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG