Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Өткөн жылы “Макмалалтын” комбинатынан алтын уурдалган


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, башкы прокуратура тарабынан “Макмалалтынга” текшерүү жүргүзүлгөндө 2009-жылдын 12 айында комбинаттын жооптуу кызматкерлери 75 килограмм 724 грамм алтынды уурдоо жолу менен кымтып алып, мамлекеттин казынасына 103 миллион 404 миң 459 сомдук зыян келтирилгени аныкталган.
Башкы прокуратура “Макмалалтын” комбинатынын жоопту кызматкерлеринин үстүнөн Кылмыш Жаза Кодексинин 171-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул ишти иликтөө Мамлекеттик каржы полциясына жолдонду. (AJ)

XS
SM
MD
LG