Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эл алдында ант берди


Бүгүн "Медиа-Форумдун" жанында Бириккен элдик кыймыл уюштурган митинг-реквиемдин соңунда үн күчөткүч аркылуу "Манас" эпосундагы “Берген анттан мен тайсам, төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун” деген саптар жаңырып, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана анын орун басарлары Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Иса Өмүркулов, Эмил Каптагаев элдин ишенимин актоого ак дилден кызмат кылып, ынтымакта таза иштөөгө ант беришти. 6-7-апрелде элдик көтөрүлүштө каза болгондордун элесине "Медиа-Форумдун" алдында монументалдык эстелик орнотулары айтылды. Бул тууралуу митингге байкоо салып келген кабарчыбыз билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG