Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

НАТОнун жаңы стратегиясы сунуш кылынды


НАТО Ооганстандагы согушта жеңүүгө, Россия менен байланышты кеңейтүүгө, Ирандын ракета коркунучуна каршы контр-чара көрүүгө жана уюмга мүчө 28 өлкөнүн коопсуздугуна кепил болууга тийиш. Мындай сунушту АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт башындагы 12 эксперт бүгүн Брюсселде НАТОнун жетекчилигине тапшырды:

-Альянс XXI-кылымдын талабына жараша айрым өзгөрүүлөргө барышы зарыл экени анык. Анткени коркунучтун мүнөзү такыр өзгөрдү. Мен “биздин милдеттенмебиз” да бир аз жаңыланыш керек деп айтаар элем. XXI кылымдын коркунучу НАТОнун лидерлерин бөлүп, биздин жамааттык аракетибизди алсыратпаш керек. Азыркы шартта биздин ким экенибизди жана кандай аракеттене турганыбызды тактап алуу абдан маанилүү.

НАТОнун баш катчысы Андрес Фог Расмуссендин сөзүнчө, эксперттердин бүгүн жарыяланган сунушу альянстын алдындагы негизги милдеттерди аныктап берди. Сунуш НАТОнун ноябрда Лиссабондо болчу саммитинде талкууланып, бекитилет.

НАТОнун мурдакы стратегиялык концепсиясы 1998-жылы кабыл алынып, уюмдун Косоводогу жана Босниядагы тынчтык миссиясына өзгөчө көңүл бөлгөн.

XS
SM
MD
LG