Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Ноокат окуясы боюнча камалгандар бошотулду


Бул тууралуу “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта абактан бошотулган 2 аял, 6 айлык наристе кыз, 15 эркек Акыйкатчы институтунун жанына келишти. “Ноокат окуясы боюнча Петровка абагында камалгандар азыр бошотулуп, алар дагы Акыйкатчынын кенсесине келе жатышат”,-деди А.Сасыкбаева.

2008-жылы 1-октябрда Ноокатта орозо айт күнү баш аламандык болуп, райадминистрациянын терезесинин айнектери талкаланган. Буга байланыштуу 32 адам кармалып, 19-майда Жогорку Сот тарабынан алардын көпчүлүгүнө өлкөдө тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун мүчөлөрү, тополоң уюштурган делген айып тагылып 9 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылган.

27-апрелде Убактылуу өкмөт Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына жана 7-апрелде курман болгондордун элесине арнап мунапыс жөнүндө декрет кабыл алып, ал Ноокат окуясы боюнча камалган же ушуга байланыштуу изделип жүргөндөргө карата колдонула турганын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG