Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

ЮСАИД билим тармагын башкарууну жакшыртууга жардам берет


18-майда Кемин районундагы №2 Орловка мектебинде Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттигинин (ЮСАИД) колдоосу менен Билим берүү министрлигинин жумушчу тобунун көчмө жыйыны болот. Анда билим берүү тармагын башкаруу жана каржылоону жакшыртуу маселелери талкууланат. Аталган жумушчу топ 2008-жылдан тарта ЮСАИДдин “Сапаттуу билим” долбоорунун көмөгү менен иштеп келет. Бул долбоордун максаты билим берүү тармагындагы каржылоо жана башкаруу системасын реформалоо аркылуу билимдин сапатын жогорулатуу, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө шарт түзүү болуп саналат. (EBM)

XS
SM
MD
LG