Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Ноокат окуясы боюнча камалгандардын баары бошотулду


Убактылуу өкмөттүн “Мунапыс тууралуу” декретинин негизинде Ноокат окуясы боюнча абакка кесилген баардык адамдар эркиндикке чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. Укук коргоочулар бул кылмыш иши кайрадан каралып, Ноокат окуясында камалгандарды толук актоо үчүн аракеттерди көрө турганын маалымдады. 2008-жылы 1-октябрда Орозо Айт күнү Ноокатта тополоң чыгып райондук акимчиликтин имараты талкаланган. Тополоңдун уюштуруучулары катары 32 адам кармалып, алар мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деп айыпталган, 9 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG