Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

К. Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралат


Экс-президент Курманбек Бакиевдин аппаратынын мурунку жетекчиси Каныбек Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды бүгүн Бишкек шаардык соту карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Любовь Иванова билдирди. К. Жороев 29-апрелде Башкы прокуратурага өз эрки менен сурак бергени келгенде камакка алынган. Президенттин мурунку аппарат башчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG