Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Ошто салыкчылар иш ташташты


Жүзгө чукул салыкчылар Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кечээ шаардык салык кызматынын башчылыгына Марат Матазимовду дайындаганына нааразы болушууда. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди. Маалыматка караганда, Ош шаарынын салыкчылары бир ай мурда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары тарабынан дайындалган Жылдызбек Турганбаевди колдошуп, 20 жыл аралыгында 18 жетекчи алмашканы ишке кедерги болуп жатканын белгилеп, май айы үчүн пландагы 65 миллион сомдун учурда 15 миллион сому эле чогулганын айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG