Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Молдомуса Конгантиев Москвага дарыланганы кетти


Мурдагы ички иштер министри Москвага жекшемби күнү кеткенин "Азаттыкка" бүгүн анын адвокаты Рысбек Нагаев билдирди. Молдомуса Конгантиев 7-апрелде Талас шаарындагы элдин толкунун басканы барып, белгисиз адамдар тарабынан катуу токмоктолуп, Бишкекте ооруканалардын бирине жаткырылган.

25-апрелде аны Москвадан Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы кармап, Кыргызстанга депортациялаган. М.Конгантиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, “Кызмат абалынан пайдаланган” делген айып тагылган.

М. Конгантиевдин саламаттыгын текшерген дарыгерлер тобунан турган комиссия анын башын Москвадан операция жасатуу керек деген чечимин чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG