Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

"Акыйкат" республикалык партиясынын I курултайы өтүүдө


Улуттук опера жана балет театрында өтүп жаткан курултайда "Акыйкат" республикалык партиясынын түзүлүшү, уставы, борбордук комитетин шайлоо жана өлкөдөгү акыркы кырдаал талкууланууда. Бул тууралуу жыйынга байкоо салып турган кабарчыбыз билдирди. Анын айтымында, Курултайдын соңунда резолюция кабыл алынып, партиянын катчылыгы жана эсептөө комиссиясы шайланышы күтүлүүдө. Курултайдан кийин республиканын бардык аймактарынан келген делегаттар Ала-Тоо аянтына барышып апрел ыңкылабында каза болгондорду эскерген митинг-реквием өткөрөт.

Партиянын курултайы эртең да улантылат. "Акыйкат" республикалык партиясы жакында эле түзүлгөн, анын төрагасы Аликбек Жекшенкулов. (AJ)

XS
SM
MD
LG