Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

“Азияуниверсал” банктан 35 млн. доллар мамлекетке кайтарылды


Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында Убактылуу өкмөт төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамсыз чогултулган акча каражаттары Курманбек Бакиевдин уулдары Марат, Максим Бакиев жана алардын санаалаштары Алексей Елисеев, Ульяна Пак, Сергей Ким, Вячеслав Ким, Михаил Надел, ошондой эле мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге таандык экендиги аныкталып, мамлекетке кайтарылып берилди. А. Бекназаров ошондой эле өлкөдө көптөгөн экономикалык кылмыштардын бети ачыла баштаган сайын, мыйзамсыз каражаттарын саткап калуу максатында айрым бир күчтөр элди түндүк-түштүккө бөлүү, улуттар арасында жаңжал чыгаруу аракеттерин көрүп жатканын, алар ким экендиги жана ал күчтөрдүн кыймыл-аракеттери укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдө турганын, жакында арада аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG