Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Каныбек Жороев үй камагына чыгарылды


Бүгүн Бишкек шаардык соту Каныбек Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди. Мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев 2009-жылдын октябрь айынан тарта мурунку президент Курманбек Бакиевдин аппаратын жетектей баштаган. Ага чейин президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болчу. 29-апрелде Башкы прокуратура К. Жороев апрель окуяларына байланыштуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айып коюп, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG