Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Францияда Ирандын экс-премьерин өлтүргөн айыпкер бошотулду


Али Вакили Рад кезинде шахтын өкмөтүндөгү акыркы премьер-министр Шапур Бахтиярды атып салган. Бахтияр Ирандагы ислам революциясынан кийин Францияга качып өткөн,Париждин четиндеги чакан калаада жашаган. Али Рад аны ушу жерде тындым кылган жана өмүр бою түрмөгө кесилген. Кечээ сот аны түрмөдөн бошотту. Андан эки күн мурда иран бийликтери Тегеранда тыңчылык кылды деп камалган франциялык мугалим Клотилда Рейсти абактан чыгарып, Парижге учуп кеткенге уруксат беришкен эле. Рейс менен Радды айырбаштап алуу тууралуу тараптар жең ичинен макулдашкан болуу керек деген божомолдорду Тегеран менен Париж четке кагышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG