Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү жол кайрадан оңдоло баштады


Бул тууралуу Баткен облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү 100 чакырымдай Баткен-Бүргөндү-Пүлгөн жолун ондоп түзөө үчүн Убактылуу өкмөт тарабынан 1 млн. сом каражат бөлүнүп, шагыл төшөө иштери башталды. Бул жол 2006-жылы Султан Айжигитовдун демилгесинде ашар ыкмасы менен башталган. Ошол мезгилден бери аталган жол каралбай, жеңил унаалар жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган. Бөлүнгөн каражат менен ушул айдын акырына чейин жолду пайдаланып туруу үчүн убактылуу оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт.

Мурдагы бийлик учурунда Сох анклавын айланып өтүүчү бул жолду талапка ылайык куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 70 млн. доллардай каражат бөлүнгөн жана тендер өткөрүлүп ушул жылы жолду куруу иштери башталмак болгон эле. (JsA)

XS
SM
MD
LG