Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

“Кыргыз эл биримдигиндеги” сол канат элдин курултайы болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган биримдиктин өкүлү Кадыр Кошолиев билдирди. Анын айтымында, иш-чара бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт жана анда өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий абал, Баш мыйзамдын долбоору талкууланат. "Кыргыз эл биримдиги" ушул жылдын март айында түзүлгөн. Кыргыздардын оң, сол канат жана ичкилик деп бөлгөн түзүлүшүн кайра калыбына келтирүү демилгеси үчүн аталган биримдикти элди уруу-урууга бөлүүгө аракет жасайт деп сындагандар бар. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG