Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

“7-апрель” казак элчилигине берилген каттын жообун сурайт


Бүгүн “7-апрель” кыймылы Бишкекте Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акция өткөрөт. Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” анда казак президенти Нурсултан Назарбаевге жолдонгон каттын жообун сурашаарын билдирди. “7-апрель” кыймылы 29-апрелде казак элчилигинин жанында акция өткөрүп кат тапшырган. Анда казак президентинин Кыргызстандагы апрель ыңкылабына берген терс баасы үчүн кыргыз элинен кечирим сурашы, апрелдеги кандуу окуялар боюнча айыпталып жаткан Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандагы мурунку мамлекеттик кызматкерлерин өткөрүп бериши, Кыргызстан менен чек арасын ачышы талап кылынган. Казак элчилиги бул тууралуу расмий комментарий берүүдөн баш тартууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG