Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Нью-Йоркто Тайм Сквер аянтын жардырмак деп шектелген адам сурак берди


Теги пакистандык АКШнын жараны Файсал Шахзад 1-майда бомба катылган машинаны аталган аянтта токтоткондугу үчүн айыпталууда. Нью-Йорк шаарынын федералдык соту 18-майда 30 жаштагы Шахзадды 1-июндагы экинчи угууга чейин камакта кармоого өкүм кылды. Бомба жарылган эмес, Шахзад 3-майда камакка алынган. Ага терроризм, массалык кыргын салуу аракети үчүн айыптар коюлууда, күнөөлүү деп табылса, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бийликтер Шахзад өз каалоосу менен кызматташып, тергөөчүлөргө маанилүү маалыматтарды берип жаткандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG