Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Медиа уюмдар бир жактуу маалыматтын таратылышына кабатыр


Кыргызстандагы айрым медиа уюмдар өлкөдөгү соңку окуялардын айрым жергиликтүү маалымат каражаттарында бир жактуу чагылдырып жатканына тынчсызданып билдирүү таратышты. Анда маалыматтын так, аныктыгы өлкөдөгү азыркы кырдаалды жөндөө үчүн өтө маанилүү экени айтылат. Айрым телеканаларда өлкөнүн түштүгүндөгү соңку окуялардын “комментарийсиз” берилип жатышы ар кандай чагымчыл аракеттерге жол ачышы ыктымал экени эскертилген. Медиа уюмдар ушундан улам журналисттерди өз кесибинин негизги стандарттарын сактап, бир жактуу маалымат таратуудан оолак болууга үндөп жатышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG