Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Убактылуу өкмөт Баш мыйзамдын долбоорун бекитти


Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эркин Алымбеков “Азаттыка” долбоор бүгүн-эртең коомчулукка жарыяланат, деп билдирди. Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоорун убактылуу өкмөт кечээ түн оогонго чейин жабык талкуулады. Бул долбоорду өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан. Буга чейин өкмөт башчынын дагы бир орун басары Исмаил Исаков өзүнүн долбоорун сунуштаган. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Азимбек Бекназаров 1993-жылдагы Баш мыйзамга кайтып келүү, алдыдагы шайлоону ошонун негизинде өткөрүү боюнча декреттин долбоорун даярдап талкууга койгонун жарыялады. Кыргызстанда Конституция боюнча 27-июнда референдум өтөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG