Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Р.Отунбаеваны 2012-жылга чейин президенттикке бекитүү сунушталууда


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 18-майда Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы редакциясын жабык эшик артында талкуулап, анда азыркы чукул кырдаалдан чыгууга өбөлгө түзүү максатында айрым саясий партиялар, саясий күчтөр Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны президенттикке бекитүүнү 27-июнда жалпы элдик талкууга коюу сунушу да каралды. Бул маселе бүгүн Убактылуу өкмөттүн түштөн киийнки отрумунда кайрадан талкууланарын билдирген Э.Каптагаев, Конституциянын жаңы редакциясы эртең (20-майда) коомчулукка жарыяланарын белгиледи.

Айрым маалымат каражаттары Роза Отунбаеваны 2012-жылга чейин президенттик кызматка бекитүү Баш мыйзамдын жаңы редакциясына жобо катары киргизилерин жазып чыгышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG