Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө Декрет кабыл алынганы жатат


Убактылуу өкмөт “Өткөөл мезгилдин президенти” жөнүндөгү” Декретти кабыл алуунун алдында турат. Аталган документ азыр талкууланып жатат, андагы өткөөл мезгилдеги президенттин бийлик жүргүзүү мөөнөтү жөнүндө жоболор так чечиле элек, талаш-тартыш бар. Бул жөнүндө “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров билдирди.

Аталган Декрет боюнча өткөөл мезгилдеги президенттин милдетин аткаруу Роза Отунбаевага жүктөлөт жана ал жаңы президент менен жаңы парламент шайланганга чейин арбитрдын милдетин аткарып, шайлоолордун калыс жана таза өтүшүнө көз салышы керек. Ошол себептүү ал саясий партиянын катарынан чыгып, президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратылышы да мүмкүн. Мына ушул маселе толук чечилгенден кийин Декретке жазылып, референдумга коюлат. (КС)

XS
SM
MD
LG