Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

ИИМ: Жалал-Абадда милиция элге курал колдонгон жок


Маалымат каржаттарындагы ИИМдин атайын даярдыктагы жоокерлери жана милиция кызматкерлери элге ок чыгарды деген маалымат чындыкка коошпойт. Жоокерлер тополоңчуларга эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Алардын билдиришинче, Жалал-Абадда ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков баш болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук баш аламандыкка жол бербөө үчүн жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

ИИМдин басма сөз кызматы айрым маалымат каражаттарын туура эмес маалымат бербөөгө, улуттар аралык араздашууга түрткөн билдирүүлөрү чагылдырбоого, далилдүү так маалымат берүүгө чакырды. Алардын маалыматына караганда, учурда Жалал-Абаддын администрациясынын жанында кырдаал тынч. Улуттар аралык жаңжалды чыгарууга аракет кылгандар жана баш аламандыкты уюштургандар жакын арада кармалып, мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG