Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Нарында өспүрүм баланы уурдагандар кармалды


Ат-Башы районунун Абыкеев көчөсүндө жашаган А. Акунова 30-апрелде кечки саат жетилерде үйүнүн алдынан 13 жашар жээни Эрлан Кадырбаевди белгисиз бирөөлөр уурдап кеткендиги боюнча арыз менен Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Аталган факт боюнча ошол күнү Кылмыш-Жаза Кодексинин 123-беренесинин 2б, 1,4,7 бөлүмчөлөрү боюнча кылмыш иши козголгон. Эки суткадан кийин Эрлан Кадырбаевди уурдап кеткендер кармалган. Учурда бул иш боюнча Нарын облустук Ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүп жаткандыгын Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Асан Кенжебаев билдирди. (JI)

XS
SM
MD
LG