Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Исмаил Исаков Жалал-Абадда аксакалдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн түштөн кийин Жалал-Абадка келген Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков кыргыз-өзбек аксакалдары жана өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Чагымга алдырбоо, тынчтыкты жана ынтымакты сактоо сунуштары айтылды. Жалпысынан Жалал-Абадда кырдаал көзөмөлгө алынды. Аскерлер көчөгө чыгарылып, күзөт жүргүзүлүүдө. Бирок майда топтор сакталып турат. Аларды үй-үйлөрүнө таратуу аракеттери жасалууда. Азыркы мезгилде генерал И.Исаковдун калкка кайрылуу менен чыгуусу күтүлүүдө.

“Азаттыктын” студиясында бүгүн болгон тегерек стол маекте Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да Жалал-Абадка барышы керектиги тууралуу пикирлер айтылды. Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бүгүн Конституциянын долбоорун жана бир жарым жылга өткөөл мезгилдеги президентти шайлоо маселесин талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG