Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Убактылуу өкмөт өткөөл мезгилдин президенти жөнүндөгү декретин кабыл алды


Аталган документке ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Ал эч бир партиянын катарында болбойт, президенттик шайлоого катышпайт, эч бир саясий күчкө жан тартпайт, калыс жана бейтарап позициядан туруп парламенттик жана президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабры менен чектелери жазылды. Эми бул декрет 27-июнда бүткүл элдик референдумда колдоо тапса, анда Роза Отунбаеваны өткөөл мезгилдин президенти катары эл аралык деңгээлде тааныганга негиз болуп берет. (KC)

XS
SM
MD
LG