Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Киров суу сактагычы оңдоо иштерине байланыштуу буулду


Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов “Азаттыкка” Киров суу сактагычы оңдоп-түзөтүү иштеринен улам убактылуу жабылганын билдирди. Анын айтымында, бул суу сактагычтан сууну Таласта Манас району гана пайдаланат. Бирок соңку убакта суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү түйүнү бузулуп натыйжада каналдарга суу жетпей калган. Сууну буумайынча бул түйүндү оңдоо мүмкүн эмес, дейт Н. Бектенов. Айрым маалымат каражаттары Казакстанга Кыргызстандан мурдагы күнү кечтен баштап суу келбей калганын жазып чыгышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG