Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Миллион доллардын изин жашыруу боюнча сүйлөшүүлөр интернетке чыкты


Кыргызстандын Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басарлары Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдуку деп жоромолдонгон жана бир миллион доллардын "изин жашыруу" тууралуу телефондон сүйлөшкөн сөздөр www.youtube.com интернет барагына жарыяланды. Бул сүйлөшүү боюнча саясатчылардын өздөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Т.Сариевдин жардамчысы “Азаттыкка” бүгүн Убактылуу өкмөттүн жыйыны болоорун, бул боюнча Т.Сариев ошол жерде пикирин айтышы ыктымалдыгын белгиледи. Ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов бул сүйлөшүүлөрдү өзүнүн жеке пикиринде бири-бирине тийешеси жок үндөр куралган "монтаж" деп эсептээрин айтты.
Буга чейин да Убактылуу өкмөт жетекчилерин интернет аркылуу жаманатты кылуу аракеттери жасалган, бирок алар жалган болуп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG