Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

И.Масалиевди коргоо комитети кайрылуу кабыл алды


Кыргыз калкына жана Убактылуу өкмөткө бүгүн жолдонгон кайрылууда Исхак Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү, ага карата чагымдарды уюштурууну токтотуу жана Убактылуу өкмөттүн түштүк регион боюнча өкүлү Исмаил Исаковдун Кадамжайга келип, жергиликтүү калк менен жолугушуусу талап кылынган.
Коммунисттик партиянын лидери Исхак Масалиев 14-майда камалган. Ага Үсөн Сыдыков менен биргеликте төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген айыптар коюлууда. Ал эми Исхак Масалиев 12-13-майдагы митингилерге эч кандай тиешеси жоктугун билдирип келатат.
Исхак Масалиевди коргоо комитети бүгүн Кадамжай районунда түзүлүп, комитеттин бөлүмдөрү жер-жерлерде түптөлүп жатканын кошумчалашты.


Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG