Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Чыр-чатактарды чагылдырууда журналисттердин этикасы иштелип чыкты


Кыргызстандын түштүк аймагында иштеген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү биргелешип өлкөдөгү чыр-чатактарды чагылдырууда журналисттердин чукул нормасын иштеп чыгышты. Ага ылайык маалыматта кайсы улуттун өкүлү экенин айтпоо, маалымат алган булактын же болбосо окуяга катышкан адамдын аты-жөнүн, кызматын так жазуу сунушталган. Атуулдук көз карашты кесиптик ишмердүүлүк менен аралаштырбоо, жеке эмоция, саясий көз караштарды материалга кошпоо жана ар кандай чагымчыл күчтөрдүн куралына айланбоо белгиленген. Ошондой эле журналисттер тобу макалага кайсы бир этноско терс таасирин тийгизчү ар кандай мифтерди, болумуштарды кошпоого чакырат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG