Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:46

Жалал-Абаддагы өзбек коомчулугу кайрылуу таратты


Кайрылууда 19-майда Жалал-Абадда болгон окуяны бакиевчил жана айрым улутчул күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп жаткандыгы белгиленген. Ошондой эле элди коргойт деген милиция кызматкерлери элден алыс күч бойдон калып жатканы айтылган. “Тартип коргоо органдарынын өтүнүчү менен түз кагылыш болуп кетпесин деп биз "Эл достугу" университетинин аймагынан чыккан жокпуз. Качан гана чогулгандар биздин имаратты талкалап, биздин адамдарды түртүп баштаганда атайын кызматтын өкүлдөрү атайын каражаттарды жана куралды бизге карата колдонду”, - деп жазылат кайрылууда.

Мындан сырткары Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыров аталган борбордун курултайында Курманбек Бакиев бийликте турганда өлкө нормалдуу жолго түшпөйт деп сүйлөгөнү, бакиевдер биздин Убактылуу өкмөттү колдогонубузду кечирбейт деп айтканы белгиленген.

Өзбек коомчулугу Жалал-Абадда да, өлкөнүн башка аймактарында да кыргыз улутундагылар менен бири-бирин түшүнүп, бирдикте, тууганчылыкта жашап жатышканын белгилейт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG