Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Пакистанда YouTube сайты жабылды


Пакистан дүйнөдөгү белгилүү бул интернет-сайтты “жагымсыз, кабыл алгыс” видеолорду, сүрөттөрдү көрсөтүп жатканы үчүн жапканын билдирди. Мындан бир күн мурда өлкөдө Facebook дүйнөлүк социалдык түйүнүнө да тосмо коюлган. Анткени сайттын колдонуучуларынын бири Мухаммад пайгамбардын карикатурасын жиберүүнү суранып жазган экен.

Мухаммад пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр алгач 2006-жылы Европанын бир топ гезиттерине жарыяланып, дүйнөдө көптөгөн мусулмандардын кыжырына тийген эле. Пакистан мына ушундай эле жалаа менен YouTube сайтын 2008-жылы да кыска мөөнөткө жапкан.

XS
SM
MD
LG