Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Өзбекстанда өз күнөөсүн моюндаган кылмышкерлердин түрмө мөөнөтү кыскартылат


Президент Ислам Каримов кол койгон Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, күнөөсүн моюнга алган кылмышкерлердин түрмө мөөнөтүн үчтөн бирге кыскартуу каралган. Парламенттин мыйзамдуулук жана акыйкаттык комитетинин жетекчиси Светлана Артыкованын Азаттыкка билдиришинче, айыпкерлердин укугун коргоону максат кылган бул мыйзам боюнча, өзү колго түшүп берген, тергөө менен активдүү кызматташкан, күнөөсүн чын дилинен мойнуна алган жана оордоштуруучу кырдаал болбогон учурларда түрмө мөөнөтү кыскартылат. Сүргүндөгү укук коргоочу Мутабар Тожибаева биздин радиого 2005-жылдагы Анжиян кыргыны боюнча соттолгондо, өз уюмун экстремисттик деп атап, президент Каримовдон кечирим суроо сунушу болгондугун билдирди

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG