Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Р.Отунбаева Социал-демократтар партиясынын катарынан чыкты


Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева Социал-демократтар партиясынын катарынан чыкты. 19-майдагы Убактылуу өкмөттүн Декрети менен Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейин президенттик ыйгарым укуктар жүктөлгөн. Ага ылайык убактылуу өкмөт төрайымы өткөөл мезгилде президент катары президенттик жана парламенттик шайлоолорду камсыздоого милдеттендирилет. Бирок ал бейтарап болушу бир да партияга мүчө болбошу шарт.

Эске салсак, Роза Отунбаева 2007-жылы парламенттик шайлоо алдында Социал-демократтар партиясына мүчөлүккө кирген. Ага чейин ал Азимбек Бекназаров жетектеген “Асаба” партиясынын катарын толуктап келген. 7-апрелдеги окуяларга чейин Отунбаева Жогорку Кеңеште Социал-демократтар фракциясын жетектөөчү. (EK)

XS
SM
MD
LG