Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Түркияда оппозициячыл партиянын лидери чуу менен кызматтан кетти


Оппозициядагы "Жумуруят Калк" партиясынын лидери Деңиз Байкал.
Оппозициядагы "Жумуруят Калк" партиясынын лидери Деңиз Байкал.

Өткөн аптада Түркиянын оппозициячыл "Жумуруят Калк" партиясынын лидери Деңиз Байкал өзү тууралуу чыккан жыныстык чуулгандуу окуянын айынан кызматынан чегинди. Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан курулган "Жумуруят Калк" партиясы апта соңунда өткөрүлө турган курултайында жаңы төрага шайламакчы.

Деңиз Байкал экени айтылган бир кишинин Анкарадагы мейманкананын бөлмөсүндө мурдагы жардамчысы менен жыныстык мамиледе болгон учуру жашыруун камералар менен тартылган тасманын интернетке коюлушу жана ошонун айынан 20 жылдан бери партияны башкарып келаткан ардагер саясатчынын кызматтан чегиниши өлкөдө элди дүрбөлөңгө салды.

Деңиз Байкал чуулгандуу окуя угулгандан эки күндөн кийин партиясынын жыйынында сүйлөп, тасма өзү жана партиясына каратылган "саясий бир кутум" экенин айтып, партиясына зыян тийгизбөө үчүн кызматтан чегинип жатканын билдирди.

- Бул кара мүртөз кампанияга багынып бербейм жана бул укукка дал келбеген, этикасыз кутумдан улам эч кимдин мени суракка тартуусуна уруксат этпейм. Эгерде мунун төлөнө турган бир бедели бар болсо мен аны төлөөгө даярмын. Партиянын төрагалык кызматынан чегинип жатам. Бул - коркуп качкандык эмес, тескерисинче, бул - бир эрөөлгө чакыруу болуп эсептелет.

Байкал бул бир гана өзүнө же партиясына каршы уюштурулган кутум эмес, анын партиясынын демократия үчүн жүргүзүп келген күрөшүнө каршы кутум болгонун жана ал бийликтегилердин күчү жана мүмкүнчүлүктөрү жумшалбай туруп ишке ашыруу мүмкүн болбогон бир карасанатай жорук экенин ырастады.

Өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын Байкалдын койгон дооматына жообу катуу болду. Байкалга тийиштүү экени билдирилген тасма интернетте чыгары менен ага тыюу салууну буйруганын айтты:

- Түркияны коомдук этика жагынан эррозияга түрткүлөп жатышат. Кечирип коюшсун, биздин үрп-адатыбызда аялын алдап, башкалар менен жүргөндөрдү көрмөксөнгө салып, аларды колдоп чыгуу деген нерсе жок.

Башкаруудагы АК партия Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө өзү даярдаган мыйзам долбоорун жакын арада парламенттин жактыруусунан өткөрдү. Президент Абдулла Гүл тарабынан кол коюлган мыйзам ууралуу Конституциялык Сотко арыз берген оппозициядагы "Жумуруят Калк" партиясы АК партияны ушул өңдүү чакан кадамдар менен өлкөнүн секулярдуу-лайык системасын оодара салууну көздөгөн деп айыптап келди.

Байкал мырзага тийиштүү экени билдирилген чуулгандуу тасманын дал ушул мезгилде ачыкка чыгышы, элдин бир катмарында таң калуу сезимдерин пайда кылса, Байкалдын партия лидерлигинен кетишин демократиялуу реформалардын жолун бөгөп турган бир тоскоолдуктун жоюлушу катары баалагандар дале жок эмес. Байкалдын адвокаттары, тасманын чын-төгүнүн аныктоо үчүн атайын бир мекемеге кайрылды.

Текшерүүнүн натыйжасы 20-майда жарыяланып, мекеменин башчысы бул тасма, кыркылып, кесилип, кайра монтаждалып даярдалган жалган тасма болгонун айтты.

Кылмыш полиция кызматы тасманын ким тарабынан жана кандай тартылганын аныктоо үчүн иликтөө иштерин улантууда. Кандай гана болбосун, бул чуулган өлкөнүн саясий турмушунда чоң рол ойноп келген бир саясий ишмердин абройуна чекит койгон шекилдүү.

23-майда партиянын курултайы өтөт. Талаш-тартыштуу болсо да, партия бир гана талапкер менен курултайды өткөрмөй болду. Партиянын төрагалык кызматына Байкалдын жардамчыларынан “Ганди” лакаптуу депутат Кемал Кылычдаруулу талапкерлигин койду.

Анын жетекчилигинде "Жумуруят Калк" партиясы башкаруудагы партия үчүн оңойураак олжо болобу - билүү кыйын. Бирок, айрым адистердин пикиринде, бул чуулган эмки шайлоолордо "Жумуруят Калк" партиясына чоң упай алып келиши да ыктымалдан алыс эмес.

XS
SM
MD
LG