Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

Жаштар иштери боюнча министр дайындалды


Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын бүгүнкү буйругу менен 7-апрелдеги окуяларга активдүү катышкан 39 жаштагы Алиясбек Алымкулов жаштар иштери боюнча министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин оболу Убактылуу өкмөт мүчөсү Алмаз Атамбаевдин 19-майдагы буйругу менен жаштар иштери боюнча министринин орун басары болуп Лариса Сосницкая дайындалган. Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу комиссия курамына кирген айрым жаштар бул дайындоого нааразылык билдиришкен болчу.

Жаштар Убактылуу өкмөт мүчөлөрү түптөлө элек министрликтин жетекчи кызматтарына адамдарды жең ичинен дайындоодо деген сындарын беришкен.

Алиясбек Алымкулов 7-апрелдеги ыңкылапка уюштуруучу жана жаштардын лидери катары жигердүү катышып, Ак үйдүн алдында алгачкылардан болуп жарадар болгон жигит. Бул ишкер жигит башына тийген снайпердик октон кийин оор операциянын натыйжасында аман калган. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG