Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Германиянын парламенти евро боюнча корду колдоду


Парламенттин төмөнкү палатасы – Бундестаг бүгүн кабыл алган мыйзамга ылайык, Германия евроаймактын карызга баткан өлкөлөрүн колдоо боюнча көлөмү 750 миллиард евро келген кордун ишине катыша алат. Чечимди эми парламенттин жогорку палатасы бекитүүсү керек. Германия жогорудагы сумманын 150 миллионго чейинкисин чыгарат. Евронун стабилдүүлүгү Грекия туш болгон жана евроаймактын башка өлкөлөрү да туш болот деп болжолдонгон каржы көйгөйлөрдөн улам коркунучка кептелди. Немец канцлери Ангела Меркел буга чейин каржы жана бюджет тартибин бузган өлкөлөргө каршы санкция колдонуу зарылдыгын билдирген. Карызга баткан өлкөлөрдү колдоо үчүн көлөмү 750 миллиард евро келген кор түзүүнү Европа Биримдиги менен Эл аралык валюта кору эки жума мурда макулдашкан.

XS
SM
MD
LG