“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын маалыматына караганда, Батыш Казакстан облусунун Жаныбек районунда эки миңдей сайгактын өлүгү табылган. Ал жердеги токой жана мергенчилик чарбанын башчысы Ерлан Нысанбаевдин айтымында, өлгөн жаныбарлардын денесин кароо учурунда сайгактар уулангандыгынын белгилери байкалган. Учурда иликтөө жүрүп жатат.