Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

“Ата мекен” партиясынын шаардык конференциясы өтүп жатат


Токтогул атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан бул иш-чарага миңден ашуун партия мүчөлөрү, өлкөдөгү түрдүү диаспора өкүлдөрү катышууда. Анда учурдагы абал жана партия мүчөлөрүнүн алдыдагы пландары талкууланууда. “Азаттыктын” кабарчысынын билдирүүсүдө, партия жетекчиси Ө.Текебаев сөз сүйлөп, 6-7-апрелде көз жумгандардын үй-бүлөсүнө ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Э.Алымбеков, Р.Төлөгөнов, Б.Шерниязов, Ж.Сапарбаев “Ата мекен” партиясынын мурунку авторитардык бийлик менен күрөшүүдөгү ролу жана орду тууралуу сөз сүйлөшүүдө.

“Ата мекен” социалисттик партиясы 1992-жылы түзүлүп, өлкөдөгү солчул багыттагы активдүү саясий күчтөрдүн бири болуп саналат. Эл аралык “Социнтерн” уюмуна Кыргызстандан жалгыз мүчө. 2010-жылдын октябрь айындагы парламенттик жана 2011-жылдагы президенттик шайлоого партия активдүү катышаарын билдирген. (GA)

XS
SM
MD
LG