Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Бишкекке грузин кеңешчилери келген эмес


Кечээ “Новости-Грузия” маалымат агенттиги АКШнын Эл аралык өнүктүрүү уюмунун чакыруусу менен Кыргызстандын өткөөл мезгилинин президенти Р.Отунбаевага кеңешчи катары грузиялык “Саясат жана Башкаруу боюнча кеңеш берүү тобу” (Policy and Management Consulting Group-PMCG) деп аталган компания өкүлдөрү Бишкекке аттанганын жазып чыккан. Ал маалыматта грузиялык адистер кыргыз өкмөтүнө макроэкономикалык маселелерди жана артыкчылыктарды аныктоого, фискалдык пландоо процессинде, коррупцияга каршы чараларды түзүүдө салык жана төлөмдөр боюнча кемчиликтерди жоюуга жардам берет деп жазылат. Ошондой эле Грузиянын мурдагы экономика министри (2004-2005), мурдагы каржы министри (2005-2007) Алекси Алексишвили Бишкекте экендиги жана Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүп жаткандыгы да айтылат.

Өткөөл мезгилдин президентинин аппарат башчысы Э.Байсалов “Азаттыкка” бул маалыматты толугу менен жокко чыгарып, “карандай калп” деп баа берди. (GA)

XS
SM
MD
LG