Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Шанхай Кызматташттык Уюму коппсуздукту камсыздоодо кызматташууну өөрчүтөт


Бул тууралуу Бүгүн Ташкенде өткөн жыйынында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусия кирген уюмдун тышкы иштер министрлери билдирүү таркатты. Анда мүчө мамлекеттер өз арасында «терроризм, сеператизм жана экстремизм» менен күрөштө кызматташууну өнүктүрө тургандыгы айтылат. Ага Кыргызстандан ШКУдагы координатору, тышкы иштер министринин орун басары Төлөндү Макеев катышты.Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов министрлер ошондой эле жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун жол-жобосун иштеп чыгууну да жактыргандыгын бышыктады. Ташкен жыйыны келерки айга белгиленген ШКУнун саммитине даярдык көрсүү максатында уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG