Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Кыргыз деп күйүп, кыргыз деп өткөн өмүр


Азамат Алтайдын жаш кези. (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Азамат Алтайдын жаш кези. (сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

23-майда кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү кыргыздын чыгаан уулу, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, маркум Азамат Алтайды эскеришти. Анын дүйнө салганына бул күнү толук төрт жыл толду.

Кудайберген Кожомбердиев Азамат Алтай деп аты-жөнүн АКШга барганда которгон. Азамат деп эл-журтуна берилгендигин, Алтай деп түрк тилдүү калктан экендигин билдирген.

Ысыккөлдүк Кудайберген Кожомбердиев аскерге Улуу Ата Мекендик согуштун алдында чакырылган. Согушка даярдык башталганын кийинчерээк Каунас шаарында аскердик атайын окуудан өтүп жаткан кезинде түшүнгөн. Бул тууралуу анын жээни Тойчубек Турганбаев мындайча эскерет:

- Согуш башталаардын алдында апамдарга сүрөтүн жибериптир. Ошол сүрөтүнүн артына "эй, Манжы бул мен эмес, менин көлөкөмдүн элеси. Ак кагазга тартылган асыл жандын денеси. Муну жоготпой сакта, азыр биз кыйын эле турмушта турабыз" деп жазыптыр. Ал кандай турмуш экенин чынында да билишкен, баамдашкан эмес экен. Көрсө Азамат Алтай каардуу согуштун болорун акыл-эси менен ошондо эле туюнган экен да.

Бирок Ысык-Көлдүн жээгинен 1940-жылы узаган тоңдук боз улан мекенинен аргасыз түбөлүк бөлүнүп каларын сезбесе керек.

Мындан беш жыл илгери «Азаттыкка» берген интервьюсунда маркум Азамат Алтай бакытка ошончо жылдан бери бир ирет гана жолукканын айтканы бар:
Азамат Алтай 85 жашта, 2005-жылдын сентябры, Нью-Йорк

- Жок, бактылуумун деп эсептебейм. Бактылуулук мага келбеди. Бактылуулукту бир көрдүм, ушу элүү беш жылдан кийин Кыргызстанга барып, Ысык-Көлдү көргөнүм, Караколдо, Жалал-Абадда болгондорум бактылуу күндөрүм болду. Учуп гана жүрдүм. Акылымда эч нерсе жок. Кимди көрдүм? Эмне сүйлөштүм?

Азамат Алтай мекенин жүрөгүнүн толтосунда сактады, бирок, тилекке каршы, сөөгүн мекенине жеткирүү суранычынан кайтууга аргасыз болду. Ага байбичесинин өзүнөн мурда дүйнө салышы себеп болгон. Сөөгү океандын ары жагына коюлганы менен, ага мурда аманат катары алынып коюлган кыргыздын топурагын жамынды.

Азамат Алтай таануу тармагынын башатында турган белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындайча эскерет:

- Бир кыздан "келериңде кызым, ушу Кой-Таштагы отуз сегизинчи жылы атылган кыргыздын азаматтары көмүлгөн жерден бир топурак ала кел деген экен. Мына ошол топурак менен Азамат аба ошол Американын жеринде калды. Азамат Алтайдын тагдыры, турмушу, ага жасаган биздин мамилебиз – таза мамилебиз, арам мамилебиз – бул бизди ойлонто турган нерсе деп ойлойм. Ошон үчүн бүгүн куран менен кошо арбакка курандан улуу, ыйык нерсе болбойт, ошондуктан анын тагдырын эскергенибиз тирүүлөр үчүн керек го деп ойлойм.

Согуш маалында туткунга түшүп калган Кожомбердиев сталиндик тоталитардык замандын запкысынан айбыгып, мекенине кайтпай калганы менен Кыргызстанын эгемендүүлүгү үчүн чындыкты айтып турган.

Азамат Алтайдын тагдыры ал өзү акыркы интервьюларынын биринде эскерген «Толкундар жээкте жок болот» фильминдегиден да алда канча катаал болгон.

Кудайберген Кожомбердиев кеңеш доорунда чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтук жеп, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кеткен.

Азамат Алтай "Азаттыктын" баш кеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин менен. Прага, 2003-жылдын 3-июну.
Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк бербей колго түшүрүү үчүн аңдып жүрүшкөн.

Ошондой болсо да АКШга барган учурда Азамат Алтайга жолугуп, кийин дагы бир нече жолу пикир алышкан Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Кеңеш Жусупов маркумду калыстыктын символу катары белгилеп, анын ысымын түбөлүккө калтыруу үчүн радиожурналисттер үчүн Азамат Алтай атындагы сыйлык уюштуруунун зарылдыгын белгиледи:

- Өмүрүнүн эң акыркы мүнөтүнө чейин, көз ирмеминин эң акырына чейин ал кыргыз элинин келечеги, жаркын болочогу үчүн, биздин болочок урпактардын жаркын турмушу үчүн калыстыктын символу болуп жашап келди. Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо да Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп күбө болгом.

Туз-насип буйруп, 1997-жылы АКШга барып, Азамат Алтайга кезигип, үч-төрт саат аңгемелешкен элек. Бул кишидей патриот, кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган. Эгерде радиожурналистикасына конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун. Көчөлөргө атын ыйгарып, музей уюштуруп, өзү окуган мектепке ысымын ыйгаруу зарыл эле. Бул кишини кадыр-баркын дале билбей жатабыз.


Согуш туткундарына советтик ырайымсыз мамилени угуп, аргасыз Батыш Европада калган Азамат Алтай Батыштын чыгыш таануучу илимпоздору менен кызматташып, Борбор Азия элдеринин тилдериндеги басма сөз маалыматтарын илимий чөйрөгө киргизүүгө чоң салым кошуп, 6 миңден ашуун китеп жыйнаган.

1953-жылдын 18-мартында «Азаттык» үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч уктуруусун обого чыгарган. Өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин миңдеген китеп окуган, илимий эмгектерди жыйган. Анын бир, эки бөлүгүн Жалал-Абад, Каракол университеттерине, бир бөлүгүн Колумбия университетине берген.

Азамат Алтай көзү өткөнгө чейин караколдук, жалалабаддык 300дөн ашык студентке стипендия берип, аларды мыкты окуп, мекенге кызмат кылууга үндөгөн.
Казат Акматов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда", 2010-жылдын 17-февралы.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов Азамат Алтай четте туруп, эл-жери үчүн күйгөн, кыргыздын руху болуп, батыш үчүн эксперт болуп бергени менен Акаев жана Бакиев кездеги бийлик анын ордун дале тааныбай, эмгегин баалабай койушканына кейиди:

- Азамат Алтайга Кыргызстандын бир чоң ордени жарашат эле деп, бирок азыркы өкмөт дале тоталитаризмдин көлөкөсүндө, баягы эле коммунисттик идеологиянын багытында, ошол Азамат Алтай, кыргыздын интеллектуалдык чокусу, ушуга эч нерсе тийген жок. Ушул эле эскерүүлөргө катышкан мекендештери коомдук ишмердин ысымын түбөлүккө калтыруу демилгелерин көтөрүп, Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук уюм түзүүнү сунушташкан.

2003-жылы Нью-Йоркто «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо маркум Азамат Алтай «Азаттык» үналгысын уюштурууга катышканы тууралуу мындай деген эле.

- АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Түркстандын атынан курдук. “Азаттык" радиосунун биринчи директору казак болду. Орун басары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле. Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.

Көзү тирүүсүндө маркум Азамат Алтай “Азаттыкка” берген маегинде Аскар Акаев мыкты илимпоз болгону менен өлкө башчысы катары жакшы иштей албай, кыргыз элине чыккынчылык кылып, Кытайга Үзөңгү-Куушту берип салганын учурунда сынга алган. Ошондой эле Курманбек Бакиев да Кыргызстанды кыйынчылыктарга кептеп салганын, бир туугандары, уулдары менен бийликти ээлеп, элди ойлобой калышканын сындаган.

Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүндө болуп, анын өздүк архиви менен таанышып, китепканасынын айрым бөлүгүн Кыргызстанга алып келген Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев мындай дейт:

- Биз билебиз, ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады, ЦРУнун агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм. Азамат Алтай бүткүл өмүрүн Кыргызстандагы жана Борбордук Азиядагы сөз жана басма сөз эркиндигине, жалпы эле аймактагы демократиялык жараянга арнаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 1-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан.

Азамат Алтай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абат университетине тартуулап, кийинчерээк Жалал-Абат университетинде Азамат Алтайдын бурчу ачылган.

Азамат Алтай 1995-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Жалал-Абад менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын стипендия берип келген.

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Чек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес.

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган борборазиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбордук Азиялык элдерге тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.
Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Мюнхенде жайгашкан "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында «Азаттык» радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан.

Ошондон тартып ал өмүрүнүн 40 жылын «Азаттык» үналгысына арнаган.

Кыргызча булактарды англисчеге которуп АКШ, Франция жана Германия окумуштууларына кыргыз маданиятын, тарыхын иликтешине өз салымын кошуп келген. Колумбия университетинде иштеп жүрүп, окуу жайдын китепканасына жүздөгөн кыргызча китептерди топтогон.

Азамат Алтайды акыркы сапарга узатуу, 2006-жылдын майы, Нью-Йорк
Бир аз убакыттан соң ал Нью-Йоркко кетип, Колумбия университетинин китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат. Ошондо да ал «Азаттык» менен тыгыз кызматташкан.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келди.

«Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган.

«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтайдын эмгеги көзү тирүүсүндө татыктуу баасын албай калганы өкүндүрөт.

XS
SM
MD
LG