Бул тууралуу Спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча “Адреналин” ассоциациясы билдирет. “Жазгы Jeep - фестиваль 2010” деп аталган катаал жолдордо жүрө алчу унаалар жарышы Улуу жеңиштин 65 жылдыгына арналган. Жарышка катышкан унаалар Бишкектен баштап Константиновка айылына чейин жолсуз, катаал жерлер менен 25 километр жерди басып өтүүлөрү керек.