Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

А.Атамбаев: Бекназаровдон шектенип атам


Бүгүн Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрүп, буга чейин маалымат каражаттарына чыгып кеткен вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров менен болгон телефондон сүйлөшүүсү чындык экенин мойнуна алды.

Анын айтымында, өлкөнүн сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансыңар” деген сөзү чындыкка жатпайт. Өзү бир да жолу пара албаганын, паракорлорго да жол бербесин айткан А.Атамбаев, бул телефондон сүйлөшүүнү А.Бекназаров өзү уюштурган болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал, бул телефондон сүйлөшүү боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керектигин, эгер А.Бекназаровдун айыптоолору боюнча анын күнөөсү далилденсе мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин айтат. Андан тышкары ал, бул жерде кайсы бир үчүнчү күчтөрдүн колу болушу мүмкүн экенин да белгилейт.

Буга чейин интернет айдыңына чыгып кеткен телефондон сүйлөшүүдө А.Бекназаров А.Атамбаевди айыптап, жер-жерлерге өз кишилерин коюп атканын, кызмат орундары үчүн акча алып атышканын айткан эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG