Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Обама дүйнөнү АКШ менен кызматташтыкка чакырды


Барак Обама
Барак Обама

Барак Обама АКШ дүйнөдө жалгыз аракеттене албайт деп эсептейт. Ошондуктан Америка кошмо штаттарынын президенти глобалдык лидерликти башка улуттар менен бөлүшүп аркалоону туура көрөт.

Анын сөзү келерки аптада жарыялана турган АКШын жаңы улуттук коопсуздук стратегиясына түшүндүрмө катары бааланууда.

Обаманын сөз кыясына караганда, жаңы стратегия экс-президент Жорж Буштун алдын алуучу согуштарды караган стратегиясынан четтегендикти билдирет.

- Бул кылымдын жүгү биздин аскерлерге гана жүктөлгөнү туура эмес. Бул жүктү америкалыктар гана аркалашы керек эмес. Бизге ылым санабагандар «Америка чабылып, чарпылып, белин майтарып алса экен» деп кымылдап турушат. Биз буга чейин да жалгыз-жарым аракеттенүүдөн сак болуп келгенбиз.

Барак Обама ишемби күнү Уестерн Поинт согуштук академиясынын студенттери менен жолукканда сүйлөдү. АКШнын ар бир президенти өзүнүн жаңы улуттук коопсуздук саясатын сунуш этиши керек.

Обама АКШнын Ирактагы аскерлеринин ишине жогору баа берип, бул өлкөдө согуш миссиясы ушул жайда бүтүп жаткандыгын эскертти. Ооганстанга кайрылып, мындагы согуштук операциялар Американын өзүндө экстремисттер кол салгандыгынан улам гана башталгандыгын белгиледи.

«Ооганстан сыяктуу жерлерде ийгилик улуттар арасындагы бекемделген координацияга көз каранды» деди ал.

Обама ошондой эле мусулмандардын америкалык коомдогу салымын белгилеп, алардын АКШ армиясында кызмат өтөшүн колдой тургандыгын белгиледи:

-Экстремисттер Америка менен Исламдын чабышканын эңсешет, бирок мусулмандар биздин мамлекеттик жашоонун бөлүгүнө айланып калган. Бул катарда АКШнын армиясында кызмат өтөгөндөр да бар.

XS
SM
MD
LG