Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кадыржан Батыров айткан сөздөрү үчүн кечирим сурады


Жалал-Абаттагы Өзбек маданий борборунун президенти Кадыржан Батыров айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган видео кайрылуу таратты. Ал бул кайрылуусун 23-майда жергиликтүү тартип коргоо органдарына тапшырды. Анда К. Батыров кылмышкерлер жана Конституциянын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айткан сөздөрү айрым адамдарды таарынтып койгонун, ушундан улам кечирим сурай турганын билдирди. Жалал-Абат шаарында жергиликтүү эл К. Батыровдун айткандарына жаалданып 19-майда көчөгө чыгышкан. Шаардагы К. Батыровго таандык делген “Элдердин достугу” университетинин жанындагы кагылыштан үч адам өлгөн, жетимиштен ашууну жаракат алган. Ошол күнү Жалал-Абат шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал жарыяланып 30-майга чейин коменданттык саат киргизилген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG