Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Иран чийки уранын байытылганына Түркияда алмаштыраарын МАГАТЭге билдирди


Ирандын мамлекеттик “Ал-Алам” телеканалы кабарлаганына караганда, катты Ирандын Атомдук энергия боюнча улуттук агенттигинин башчысы Али Акбар Салехи жиберген. Иран чет-өлкөдө уранын алмаштырышы керектиги тууралуу келишим 17-майда Тегеранда өткөн үч тараптуу талкууда жетишилген. Ага Иран, Түркия жана Бразилия катышкан эле. Ирандын өзөктүк программасы боюнча ага каршы жаңы санкция киргизүү маселесин азыр алты тараптуу сүйлөшүүнүн мүчөлөрү талкуулап жатышат. Батышта бир топ өлкөлөр “Тегеран уранды атом бомбасын жасаш үчүн байытып жатат” деп кооптонушат. Иран өзү муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG